7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курсант кыздын өлүмү. Күбөнү көрсөтмөсүн өзгөртүүнү талап кылган киши кармалды

765

Бишкек шаардык прокуратурасы автокырсыктан каза тапкан ИИМдин Академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмү боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тергөөнүн алкагында М.Л.Ж. аттуу жаран күбө катары суракка алынып, тергөө органдарына учурда айыпталып жаткан У.Э.Н.нын автокырсыкка тийиштүүлүгү тууралуу олуттуу маалыматтарды билдирген. Андан кийин Р.у.Д. аттуу жаран М.Л.Ж.нын жеке маалыматтарын социалдык тармактарда таратуу жана каралоо менен коркутуп, ага жалган көрсөтмө берүүнү жана айыпталып жаткан жаранга каршы мурда берилген көрсөтмөлөрдөн баш тартууну талап кылган.

Белгилей кетсек, Р.у.Д. аттуу жаран Айза Улан кызынын өлүмүндө айыпталып жаткан негизги айыпталуучунун таанышы болуп эсептелет.

2023-жылдын 18-майынан 19-майына караган түнү Бишкек шаардык прокуратурасы жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча күбөгө кысым көрсөтүү фактысы катталгандан кийин Р.у.Д. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган жаран «ВЭБ-кам студияларынын» уюштуруучусу экендиги аныкталган. Ал Бишкек шаарынын аймагында порнографиялык материалдарды таратууга байланышкан виртуалдык интим кызматтарын көрсөтүү үчүн жаш кыздарды тартуу аркылуу мыйзамсыз иш жүргүзүп келгендиги такталды. Кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүүдө укукка каршы иш-аракетти күбөлөндүргөн буюмдук далилдер табылып, алынды.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча активдүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9-январында Бишкектин Жибек Жолу жана Республика көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн унаанын айдоочусу кызды сүзүп кеткен. Аталган кылмышка шектүү кармалып, бирок анын ооруусуна байланыштуу сот үй камагына чыгарган. Андан соң, курсант кызды сүзгөн адам буга чейин шектелип жаткан жарандын эмес, анын уулу экендиги аныкталып, кармалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

766