7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин кирешесине алынды

134

Бишкектеги «Ак-Өргө» конушундагы Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин кирешесине алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, 20 сотых жер тилкесин мыйзамсыз алуу фактысы аныкталып, учурда ал жерге социалдык, маданий-тиричилик объектилери, жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 10 кабаттуу турак жай курулуп жатат.

Маалыматка ылайык, жер тилкелерин алгач жеке адамдарга берүү учурунда мыйзам бузуулар болгон.

Мындан улам, колдо болгон материалдарды колдонуу менен курулуш компаниясы курулуп жаткан имараттан жалпы аянты 897 чарчы метр (баасы 89 миллион 367 миң сом) 15 батирди мамлекетке өткөрүп берди, аталган үйлөрдүн курулушун аяктоо 2027-жылдын 1-жарым жылдыгына пландаштырылган.

Учурда УКМК тарабынан мамлекеттик мүлктү жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз өткөрүп берүү жана сатып алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иштер улантылып, укукка каршы жосундарды жасоого көмөк көрсөткөн кызмат адамдары жана башка адамдар такталууда.

   

 

135