29-январь, шаршембиде, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө -3…+2, Талас аймагында -1…+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл өрөөнүндө 0…+5 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде 0…-5 градус суук болору болжолдонду.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы 0…+2 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +5…+7 градуска чейин жетет.