Бүгүн, 24-февраль күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 0…-5, Талас аймагында -1…-6 градус суук болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0…+5 градус жылуу болору күтүлөт. Ысык-Көл өрөөнүндө -2…+3, Нарын жергесинде -2…-7 градуска жетери айтылды.
Борбор калаа Бишкекте -1…-3 градус суук болсо, Ош шаарында +2…+4 градус жылуу болот.