Бүгүн, 4-февралда Баткен облусунда жана Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Өлкөнүн башка аймактарында кар жаашы мүмкүн.
Синоптиктер билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −2… −3, күндүз +9… +14;
Талас жергесинде түнкүсүн −3… −2, күндүз+8… +13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1… +4, күндүз +10… +15;
Нарын аймагында түнкүсүн −13… −18, күндүз −1… −6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1… −6, күндүз +3… +8;
Бишкек шаарында түнкүсүн 0… +2, күндүз +11… +13 градус болот.



