Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-14-декабрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөшү күтүлөрүн эскертет.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 13-декабрда туруксуз аба ырайы сакталат. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарьнда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ал эми Талас, Баткен облустарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт.
Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
13-14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөшү күтүлөт:
— Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25 , түндүгүндө -23…-28, күндүз -12…-17 суук;
— Талас өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15 суук;
— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөнүндөрүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8 суук;
— Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9 суук;
— Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19., -24, Ат-Башы районунда -23…-28, күндүз -11 -16 суук болот. Тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24 , күндүз -13…-18 суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -21 …-26, күндүз -14…19 суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -15…-20 суук;
— Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -29…-34, күндүз -15…-20 суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыгууда жарандарды сак болууну эскертет!