3-март, дүйшөмбүдө, республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө -2…+3, Талас аймагында -4…+1, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1…+6, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарын өрөөнүндө 0…+5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +1…+3, Ош шаарында +4…+6 градусту көрсөтөт.