Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21… +26,
Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +16…+22,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз + 16…+21.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.