Бүгүн, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда көчкү түшүүcү күтүлөт.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүйдө +10…+15, Талас облусунда +9…+14, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14…+19 градусту көрсөтөт.
Ал эми, Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.