25-ноябрь, дүйшөмбүдө, республика боюнча жаан-чачын жаабайт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүйдө +9…+14, Талас, Ысык-Көл аймактарында +5…+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15, Нарын жергесинде 0…+5 градуска чейин жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +11…+13, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин көтөрүлөт.