Бүгүн күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23…+28, Таласта +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көлдө +16…+21 жана Нарында +18…+23 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкек жана Ош шаарларында +26…+28 градусту көрсөтөт.