7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кувейт – Бишкек – Кувейт туруктуу жаңы аба каттамы ачылды

613

Бүгүн, Кувейт – Бишкек – Кувейт маршруту боюнча жаңы эл аралык туруктуу аба каттамы ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттам Тышкы иштер министрлиги, Транспорт министрлиги, Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги жана «Манас» аэропортунун бирдиктүү ишинин алкагында ачылган.

«Манас» эл аралык аэропортунда жаңы аба каттамын тосуп алуу салтанатына Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев катышты.

Каттамды жумасына 2 ирет – шаршемби жана жекшемби күндөрү «Jazeera Airways» авиакомпаниясы ишке ашырат.

Белгилей кетсек, жаңы каттамдын ачылышы Кыргызстан үчүн учуулардын географиясын кеңейтип, транспорттук, соода-эономикалык, инвестициялык жана туристтик тармакта эки тараптуу кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүүнү шарттайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614