7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте COVID-19дун 360 жаңы учуру аныкталды

461

Бишкекте бир суткада COVID-19дун 360 жаңы учуру катталды, анын ичинен 357 – лабораториялык, ал эми 3 – клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталды. Бул тууралуу брифингде Бишкек мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, жаңы катталган 360 учурдун 204ү симптомдуу, 156 учуру симптомсуз аныкталган. 25 шаардык ооруканага жаткырылып, 335 бейтап амбулатордук түрдө дарыланууда.

Райондорго бөлүп караганда:

— Ленин районунда – 135;

— Биринчи май районунда – 53;

— Октябрь районунда – 54;

— Свердлов районунда – 48;

— Башка аймактан келгендер – 55 учур.

Эскерте кетсек, мындан тышкары, жаңы аныкталган 360 учурдун ичинен 41и байланышта болгон адамдардан аныкталса, 319 шаардыктар белгилер менен өз алдынча кайрылышты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

462