Бишкек шаарынын тургунун пайдалуу келишим түзөбүз деген шылтоо менен 12 миң АКШ долларга алдап кеткен жаран колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
«Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына бир жаран арыз менен кайрылып, анын ишенимине кирип, 12 миң АКШ долларын ээлеп алган адамга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү өзүн автоунаалар менен алектенген ишкер катары тааныштырып, Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү автоунааны сатып алууну көздөп жатканын, бирок акча каражаты жетпей жатканын айткан. Каражатын алган соң шектүү белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен«, — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБи Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш катталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү делип 1983-жылы туулган С.В. аттуу жаран кармалган. Маалым болгондой, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.