Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев эл өкүлдөрүн бир күндүк маянасын Палестина элине которууга чакырды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
“Палестинада оор акыбал болуп жатат. Ошол жакка депутаттар бир күндүк маянабызды бөлүп берсек. Биздин өкмөт жардамды жеткирүү жолун таап берсе. Биздин мусулман бир туугандарыбыз, аялдар, ымыркайлар больницада эмес, көчөдө жатышат. Ошондуктан дары-дармек, гуманитардык жардам жиберели”, – деди депутат.
Ошондой эле, Жалалидин Нурбаев согуштан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ТИМге атайын эсеп ачууну сунуштады.
“Дүйнөлүк коомчулукта болуп жаткан Палестина өлкөсүндөгү жагдайга көңүлүңүздөрдү буруп кетет элем. Бизге кайрылуулар көп болуп жатат. Ошол өлкөгө кандай жардам берсек болот? ТИМ атайын эсеп ачса, кыргыз эли каражат топтойлу” – деп айтты Нурбаев.
Андан соң спикер Нурланбек Шакиев кайдыгер карабай, сөзсүз түрдө Палестинага гумжардам жөнөтүү керектигин белгиледи.
Посмотреть эту публикацию в Instagram