7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кылмыш жоопкерчилигине тартам деп 50 миң сом пара алган «жалган прокурор» кармалды

980

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ал өзүн прокуратура кызматкери катары тааныштырып, А.Э.Д. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартамын деп коркутуп, анын уюлдук телефонун жана 50 000 сом өлчөмүндөгү накталай акчасын алган.

Тергөөнүнүн жүрүшүндө, кармалган жаран социалдык тармактар аркылуу өзүн Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери катары көрсөтүп, прокуратура органдарынын формалык кийимин кийип түшкөн сүрөттөрдү жайгаштырып, ошондой эле белгилүү бир акча каражаттары үчүн юридикалык маселелер боюнча өзүнүн кызматтарын сунуштап келгендиги аныкталган.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катышы аныкталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

981