7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кылмышка шектүүлөргө электрондук билерик колдонула баштады

453

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти ИИМ менен биргеликте жаңы бөгөт коюу чарасы катары «Электрондук байкоо» пилоттук долбоорун ишке киргизди.

Биринчи жолу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын тергөөчүлөрү бөгөт коюу чарасын «Электрондук байкоо» түрүндө колдонду.
«Электрондук байкоо» — аралыктан байкоо мүмкүнчүлүгү менен айыпталуучунун турган жерин көзөмөлдөөнү камсыз кылган мониторингдин заманбап системасы.
Система электрондук билериктер аркылуу, ошондой эле уюлдук телефондогу мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашырылат.
Электрондук билериктер билекке тагылат жана аларды алып салууга же кайра программалоого болбойт. Жабдууларды жок кылуу аракеттери бузуу сигналын иштетет.

«Электрондук байкоонун» негизги артыкчылыктарынын бири бул үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө эффективдүү. Система айыпталуучулардын айрым адамдарга же аймактарга жакындоо радиусун чектеп, жабыр тарткандарга кошумча коргоону камсыздай алат.

Бул чара өзгөчө оор кылмыштарга жана зомбулук көрсөтүү менен байланышкан оор кылмыштарга айыпталган адамдарга карата колдонулбайт.

454