7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте милициянын майору менен капитаны кармалды

1114

Кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча 2 милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-октябрда Бишкек ШИИБнин БМЖККнын ыкчам кызматкери, милициянын майору М.3.М. жана Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын капитаны И.К.Ж. кармалды.

«Тергөөнүн жүрүшүндө бул кызматкерлер ИИМ БМЖККнын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгондугу, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди. УКМК ушул сыяктуу кылмыштарга дуушар болгон жарандарды (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Атын атабоого кепилдик берилет»,- деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1115