7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, кайра кайтып жолугушчу жолдор бар…

1555

Бүгүн, 12-декабрь акын Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөнүнө 70 жыл болду.
Кыргыз поэзиясынын өкүлү, таланттуу акын Алыкул Осмонов — 1915-жылы Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган. Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштайт.
14 жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы «Сабаттуу бол» газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын «Кызыл жүк» деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары гезит, журналдарга үзбөй жарыяланат.

КЫЗЫЛ ЖҮК
Дан беребиз, берген данды эл алат,
Алган элдин өмүрүнө саламат.
Берген белек жокко сиңип кетпестен
Кайра айылга ырыс болуп таралат.

Бат жөнөсүн кызыл жүк,
Бол, жигиттер, ылдамдат,
Атадан калган насаат бар:
Берген март эмес,
Алган март!
Бол, жигиттер, ылдамдат.

Эгин төкмөк өзүнчө бир салтанат,
Эмгек менен көтөрүлмөк биздин даңк,
Берген белек дөөлөтүнөн кемибей,
Кайра айылга байлык болуп таралат.

Бат жөнөсүн кызыл жүк,
Машинаны бери тарт!
Ашык бүтсүн пландан,
Берген март эмес
Алган март!
Бол , туугандар, ылдамдат!

Эгин бермек биздин урмат, биздин бак,
Сыйлоо керек ата журтту кадырлап.
Ушул буудай калк санаасын тындырып,
Кайра айылга тынчтык болуп таралат.

Бат жөнөсүн кызыл жүк,
Бол, туугандар, ылдамдат!
Бергениңе кубангын,
Берген март эмес,
Алган март!
Бол, туугандар, ылдамдат!

1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылыктын артынан түшөт.
1935 — 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. «Таңдагы ырлар», «Жылдыздуу жаштык», «Чолпонстан» , «Махабат» , «Жаңы ырлар», «Менин жерим — ырдын жери» деген жыйнактары жарык көрдү.
Алыкул 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. 1950-жылы Москвада орус тилинде жарык көргөн «Мой дом» аттуу ырлар жыйнагы адабият боюнча Сталиндик сыйлыктын талапкерлигине көрсөтүлгөн.


«Ленинчил жаш» гезитинде, «Чабуул» журналында иштеген. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан «Махабат» аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери «Жаңы ырлар», «Менин жерим — ырдын жери», «Ата журт» жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан.

Ата журт

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

Жазда башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!

Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти.
Алыкул Осмонов өзүнүн кыска жашоосунда кыргыз адабияты, анын ичинен поэзиясынын өр алышына зор салым кошкон. Анын ысмы Бишкек шаарындагы Улуттук китеп канасына 2014-жылы берилген.

БУЛ ТУРМУШТА
Бул турмушта нечен сонун издер бар
Бороон уруп, кар жааса да кетпеген.
Не бир укмуш, чебер, уста адамдар -
Миң тепкичтүү шаты коюп жетпеген.

Бул турмушта нечен бекем издер бар,
Добул уруп, сел жүрсө да кетпеген.
Не бир нечен не бир эстүү адамдар
Дайрадан кең акыл менен жетпеген.

Бул турмушта нечен чоң-чоң издер бар,
Өрттөймүн деп, күн сынса да кетпеген.
Не бир баатыр, не бир канкор адамдар
Балта урса да, ордунан былк этпеген.

Мен да адаммын, мен дагы бир акынмын,
Билинбеген көп майданын бириндей.
Бул турмушка мен да изимди калтырдым,
Кичинекей, кудум шайтан изиндей.

Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги “Дүйнөлүк акындар” альманахына кирген.


А.Осмоновдун чыгармалары орто мектепте, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Анын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкултаануу багыты улам кеңири кулач жаюуда.

2012-жылы «Мезгил жана Алыкул» тасмасы тартылган


ООРУЛУУ АКЫН
Оорулуу акын,
Ойго жакын,
Ооруп алсыз олтурат.
Акын, акын,
Акын баркын –
Өлүм билбей кол сунат.
Оорулуу акын,
Сөздөрү алтын,
Алсыз, жалгыз олтурат.
Кантсин акын,
Ак кагаздын
Бетин ырга толтурат.
Оорулуу акын,
Өмүр артын
Каламына калтырат,
Билген достор,
Жан жолдошто,
Эстесин деп бир убак.
Оорулуу акын,
Соолук баркын,
Эми билип тамшанат.
Кимдер келет,
Кимдер кетет,
Келүүчүгө из калат.
Оорулуу акын,
Ойлоп баккын,
Бизден журтка не калат?
Биз өлөрбүз,
Бирок өчпөс –
Жазган ырлар төрт сабак.
Заман калыс,
Эрдик намыс,
Керек болоор,
Берели.
Жан бүткөнчө –
Кадырлайлы,
Ата менен энени.


Алыкулга жаштайынан жабышкан кургак учук аны аксатып, бир топ запкы жедирди. Бул оору бир гана турмушуна эмес, чыгармачылыгына да терс таасир тийгизген экен. Мындан улам акындын эмгектеринин көп бөлүгүн өлүм жана тирүүлүк жөнүндө ырлар түзгөн. Ошондой эле анын көпчүлүктөн оолак жашоосуна, жалгыздыкты тандоосуна жана түнт мүнөзүнө да дал ушул дарты түрткү болгон.

Сүрөтчү Гапар Айтиевдин жубайы Гарифа акынды жакындан тааныгандыктан ал оорусунун азабын катуу тартканын белгилейт. Гезиттердин бирине берген маегинде: «Алыкул биздин үйгө көп келчү. Бирок кең-кесири маектешип деле отура алчу эмес. Оорусу бар эмес беле. Ошонусунан кысынып, кайра тез эле жөнөп калчу. «Силердин жаш балдарыңар бар» деп тамак ичсе идишин өзү жууп, анан кетчү. Ушинтип ооруну бирөөгө жугузуп албайын деп аябай этияттанып, сактанып эле жүрчү», — деп айткан. Алыкул Осмонов көп жылдар бою өлкөдөгү оорукана, санаторийлерди кыдырып, айыгууга катуу аракет кылат.

Бирок, тилекке каршы, дарт 1950-жылдын кышы менен кошо күчөй баштайт. Ичээр суусу аяктап баратканын сезгендей акыркы жолу көл жээгине барып келген соң Фрунзе шаарындагы үйүндө 12-декабрда ызгаардуу суук күндө дүйнө менен кош айтышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1556