Бүгүн, 25-октябрь белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнү. Өлкөбүздө анын 113 жылдыгы белгиленип жатат.
Ал 1910-жылы 25-октябрда Баткендин Лейлек районундагы Коросоң айылында төрөлгөн. Үч жашында энесинен, сегиз жашында атасынан айрылган. Раззаков Хожент шаарындагы балдар үйүндө тарбияланып, Ташкенттеги мектеп-интернатта билим алган. Мамлекеттик ишмер 1929-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду, 1936-жылы Москвадан пландоо институтун бүтүргөн.
Раззаков Кыргызстанды социалдык-экономикалык, индустриялык-агрардык, маданий жактан күчтөнткөн. Ага мамлекеттик эң жогорку Кыргыз Республикасынын баатыры наамы ыйгарылган.
Ишмердүүлүгү:
Раззаков Москвадагы окуусун ийгиликтүү аяктаган соң, аны Өзбекстанга жөнөтүшкөн. Ал Кыргызстанга 35 жашында кайра кайтып келип, өлкөбүздөгү эл чарбасынын оор абалын көтөрүүгө бар күчүн, билимин жумшаган. 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын биринчи секретары болуп иштеген.
Раззаковдун жетекчилиги астында Аламүдүн ГЭСинин каскадынын 5-6-кезектери, Токтогул ГЭСинин долбоору түзүлгөн, Фрунзе шаарында жылуулук электр станциясын курууга демилгечи болуп, курулушун ишке ашырган. Ошондой эле Октябрдын 40 жылдыгы атындагы тигүү фабрикасы, Нарында нан заводу, Көк-Жаңгакта Сары-Булак көмүр шахтасы, Орто-Токой, Наманган, Төмөнкү Алар-Арча суу сактагычтары Раззаковдун тушунда ишке берилген.
1953-жылы СССРде эң татаал Ош — Бишкек бийик тоолуу жолунун курулушу башталган. Ага чейин Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө поезд менен Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын аймагын аралап, эки суткалык убакытта жетчү. Жолдун курулушу Раззаковдун кайрылуусу боюнча Москванын метрострой инженердик-техникалык кызматкерлеринин катышуусу менен ишке ашырылган.
Раззаков эл арасынан жөндөмдүү, демилгелүү, келечектүү кадрларды окуу жайларга жөнөтүп, тарбиялап, кызматка дайындап, өстүрүүгө чоң маани берген.
Ал Кыргызстандын жаштарын Москва, Ленинград жана Россиянын башка шаарларына окууга уруксат берүүсүн өтүнүп СССР Билим берүү министрлигине кайрылган. Россиянын ЖОЖдоруна окуу үчүн өлкөнүн жаштарына 100 орун бөлүнгөн. Ошондон тартып Россиянын чоң шаарларына жылына 80-100 кыргыздын уул-кыздары барып, окуп башташкан.
Үй-бүлөсү:
Жубайы Рауза Ибрагимова менен Элмира, Эркин, Эмил аттуу уул-кыздарды тарбиялашкан.
Белгилейт кетсек, президент Садыр Жапаров 23-октябрда, Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова менен жолугушуп, ага Кыргызстандын жаранынын паспортун тапшырган. Ошондой эле Элмира Раззаковага Бишкектин борборунан жашоого бардык шарттары бар батир белек кылынган.
Раззаков 1979-жылы 18-мартта Москвада каза болгон. 2000-жылы сөөгү Кыргызстанга алынып келип көмүлгөн.