Жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуштун катаал күндөрүнүн элесинен алып «Эрте жаздагы турналар» (1973) аттуу лиро-романтикалык стилдеги повестин жараткан. «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» (1977) повестинде алыскы Охотск деңизинин жээгиндеги нивх элинин турмушу сүрөттөлгөн. «Кылым карытар бир күн» (1980), «Кыямат» (1986), «Кассандра тамгасы» (1995) романдарында жазуучу учурдун актуалдуу проблемаларын: илим, техниканын, дүйнөлүк, эл аралык коммуникациялык байланыштын күчтүү басымы алдында адам өзүнүн жеке адамдык өзгөчөлүгүн, индивидуалдуулугун, адамгерчилик сапатын, өзүнө, келечекке болгон ишенимин сактап калуу аракеттерин Едигей, Бостон, Авдий, Филофей, Роберт Борк, Руна Лопатиналардын образдары аркылуу чагылдыруу менен адамзатты ыймандык тазалыкка чакырат.
Ошондой эле, публицистикалык очерктердин, адабий сын макалалардын, эссе жанрынын чоң чебери. Жазуучунун ар кайсы жылдары жарык көргөн макалаларынын топтомдорунан түзүлгөн «Жер, суу менен авторлош» (орус тилинде), «Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жыңыртат» (кыргыз тилинде) жыйнактары тематикасынын кызыктуулугу, проблеманы терең ачып бере билүү чебердиги, көркөмдүгү менен анын көркөм жанрдагы чыгармаларынан кем эмес окурмандарды өзүнө тартып турат.
Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес улуттук искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди. Анын чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфонияга чейин жазылды, көркөм сүрөт искусствосунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды, театралдык спектаклдер, кино-фильмдер коюлду.
1992-ж. Бишкекте коомдук Айтматов таануу институту түзүлгөн. Ошондой эле, Бишкекте «Айтматов чыгармаларынын китепканасы», 1993-ж. Эл аралык коомдук айтматовдук Академия уюштурулуп, анын анык, ардактуу академиктери шайланган.