7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кырчында ӨКМдин мобилдүү госпиталы жайылды

143

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосунда ыкчам, жеткиликтүү жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдүү госпиталы жайылды.

ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын 21 унаа жана 31 чатырдан турган  мобилдүү госпиталында хирургиялык операция жасоочу жай, диагностикалык УЗИ, рентген, лаборатория, реанимобиль жана мобилдүү дарыкана бар.

Көчмө госпитал  күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алууга, 20га чейин хирургиялык операцияларды жүргүзүүгө, 90 бейтапты жаткызып дарылоо жана 8 орундуу интенсивдик терапия бөлмөлүү мүмкүнчүлүгү бар.

Учурда жеринде ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыгерлери иш алып барууда. Ошондой эле мобилдүү госпиталды түзүүчү унаада сууну чыпкалоочу, абадан кислородду бөлуп алуучу станция, дезинфекциялоочу унаа, жуунучу жай бар. Мындан сырткары Кырчын жайлоосунда ӨКМдин эки тик учагы нөөмөткө коюлат.

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин тапшырмасы менен  дүйнөлүк деңгээлдеги масштабдуу иш чараны коопсуз өткөрүү үчүн куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшүп, жер-жерлерде  өрт өчүрүүчү, авариялык-куткаруу унаалары, катерлер нөөмөткө коюлду.

144