Кыргызстандын Кырчын жайлоосундагы этно-шаарча чет өлкөлүктөрдүн көңүлүн бурду. Социалдык тармакта бөлүшүлгөн пикирде көчмөндөрдүн жашоо-турмушу, кол өнөрчүлүгү, улуттук оюндары жана каада-салты өзгөчө белгиленген.
Автордун айтымында, бул жөн гана декорация эмес, тарых менен маданиятты жандуу көрсөтүп турган өзгөчө мейкиндик. Ал Кырчын этно-айылын Борбор Азиядагы мыкты туристтик багыттардын бири деп баалап, Кыргызстандын туристтик брендинин күчтүү экенин белгилеген.
“Кыргыздар, силерди акырын гана ичимден кызганып жатам. Бирок абдан сонун!”-деп жазган ал.



