7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз армиясынын жигиттери кара жорго бийи менен Самаркандды багынтты (ВИДЕО)

137

Өзбекстанда өтүп жаткан «Бирлик – 2025» эл аралык аскердик машыгуусунун алкагында кыргыз армиясынын жигиттери аталган шаардын чок ортосунда кара жорго бийин бийлешти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы 7-каналга билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдик колбашчылыгына караган 12545 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы Өзбекстандын Самарканд облусунун Каттакурган окуу борборунда өтүп жаткан «Бирлик – 2025» эл аралык аскердик машыгуусуна катышып жатат.

 

Эл аралык аскердик машыгуу 12-октябрдан 21-октябрга чейин уланат.  Машыгууларга – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер бөлүктөрү катышып жатат.

 

Учурдагы машыгуу Өзбекстандын Коргоо министрлиги тарабынан уюштурулган эң ири жана маанилүү эл аралык аскердик иш-чаралардын бири болуп саналат. Анын негизги максаты – өлкөлөр ортосундагы ишенимди бекемдөө, аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү, жана аймактагы коопсуздук коркунучтарына биргелешип каршы туруу», — делет маалыматта.

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

138