27-28-апрелде Баткен шаарында “Кыргыз ажары- Баткен килеминде” аттуу республикалык кароо-сынак фестивалы өтөт.
Аталган фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тапшырмасына ылайык Улуттук маданий борборунун жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Баткен шаардык мэриясынын, Кыргызстандын Кол өнөрчүлөрүнүн кеңешинин уюштуруусунда өткөрүлөт.
Иш-чаранын максаты кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, даңазалоо жана таанытуу менен биргеликте коңшу жашаган көчмөн жана отурукташкан ар улуттун өкүлдөрү менен соода-сатык мамилелерин жүргүзүүнүн жол-жоболорун, салттарын кайра жандандыруу, жаштарды маданияттуулукка үндөө болуп саналат. Фестивалга 7 дубандагы кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана келген чеберлер катышат.
Республикалык кароо-сынакка катышкан ар бир катышуучунун “Түктүү килем”, “Арабий килем”, “Таар килем”, “Мурас килем” аталыштагы килемдеринен тандалып, кароо-сынакта аныкталат. Өзгөчө килемде болгон түрлөр, оюулар, түшүрүлгөн көчөттөр нукура кыргызча жана салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалган буюмдар кароо-сынакка коюлат.
Жеңүүчүлөр калыстар тарабынан тандалып алынган соң, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болот. Сынак Баткен шаарындагы борбордук стадиондо өтөт. Байланыш номерлери: 0701337789, 0312 88-69-33, 66-19-47.09:03