2-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттеш башталды.
Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпиондугуна 67 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Марлен Асикеев алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда жергиликтүү балбан Углиеса Гаич менен кез келип, биринчи бөлүк башталганда эле кыргыз балбаны атаандашына 4 упайлык ыкма жасады.
Андан кийин артына өтүп дагы бир жолу 4 упайлык ыкма жасап, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Муну менен Марлен Асикеев Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты.