Бүгүн, Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат.
Маалыматка ылайык, 87 килограмм салмакта катышкан Азат Салидинов алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда коңшу казакстандык Максат Сайлау аттуу балбан менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңилип калды. Атаандаш биринчи бөлүктө эле 9 упай алганга жетишти.
Белгилей кетсек, кыргыз балбанынын мындан аркы жүрүшү казакстандык балбандан көз каранды.