7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

1019

Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага бийлик өкүлдөрү, маданият ишмерлери, кесиптештери жана жакындары катышты.

Мар Байжиев 29-октябрь күнү 86 жаш курагында көз жумду.

Жазуучу 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусунда туулган. Мар Байжиев драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру болгон. Кыргыз элинин бай маданиятын түрдүү жанрда, ракурста даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги үчүн III даражадагы Манас жана Данакер ордендери менен сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1020