7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата достук турнири өтөт

819

17-декабрда Кыргыз футболдук союзунун демилгеси менен  кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук турнири өтөт. Бул мелдеш “Газпром” спорттук комплексинде болот.

Маалыматка ылайык, турнирдин негизги максаты  өлкөдө спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.

«Ата-мекендик футбол үчүн 2021-жыл өзгөчө жыл. Быйылкы жылы өлкөбүздө футболдун пайда болгонуна туура жүз жыл болду. Футбол жөн гана оюн эмес, ден соолуктун жана командалык духтун символу. Алдыда боло турган мелдеш бардык катышуучулар үчүн гана эмес, өлкөдөгү бардык футбол күйөрмандары үчүн. Алар да спортко кошулуп, ар бир адам дени сак жана жигердүү спорттун маанилүүлүгүнө көңүл буруу үчүн эң сонун окуя болот»,- деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, турнирге президенттик аппарат, улуттук футболдун ардагерлери, жалпыга маалымдоо каражаттары, спорттук уюмдар жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен маданият ишкерлери катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

820