7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
97,28
EUR 0,00%
1,12
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-1°C

Бишкекте №56 мектеп карантинге жабылды

551

Бишкекте 3 класс жана бир мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кайсыл окуу мекемелериндеги класстар жабылганын тактаган жок, бирок №56 мектеп жабылганын белгиледи.

“Биз алгоритм боюнча жабууга аргасыз болдук, анткени бир инкубациялык мезгилде COVID-19 инфекциясынын 2 учуру катталган. Борбор калаадагы №56 мектепте окуучу жана мугалимден коронавирус илдети аныкталган”, — деди вице-мэр.

Ошондой эле ал онлайн окутууга өтүүгө негиз жок экенин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

552