Туңгуч президент Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча дагы бир ирет сурак берүү үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу маалыматты анын жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, Акаевдин бүгүн таңга маал Москва — Бишкек каттамы боюнча учуп келгени маалым болгон.
Экс-президенттин жакындарынын айтымында, сапар Кыргызстандын укук коргоо органдары менен макулдашылган. Ал Кумтөр кенинин айланасындагы кылмыш иши боюнча УКМКга эки күн сурак берип, кайра кетет. Аны менен кошо уулу Илим Акаев да келген.
Эске сала кетсек, ушул жылдын август айында Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, УКМКга Кумтөр боюнча сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган.