Жалал-Абадда жалгыз бой кары адамга акысыз көмүр берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган 10 жалгыз бой кары адамга Кызыл жарым ай коому тарабынан акысыз көмүр берилди.
Белгилей кетсек, аталган коом тарабынан жаңы жылдык кече уюштуруу пландалууда.