7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде экспорттоочуларда ташылуучу товарга карата ЭЭФтин болушу текшерилет

742

Салык кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Чек ара кызматынын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан «Ак-Тилек» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын айланма жолдо экспорттоочуларда ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө ташылуучу товарларга карата зарыл болгон бардык коштомо документтердин (ЭЭФ) болушу текшерилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттарында жүк ташуучу унаалардын (АТК) тыгынына жол бербөө максатында көрүлмөкчү.

Мындай чечим Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган Кыргызстандан Казакстандын аймагы аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө транзит менен ташылуучу товарларга карата электрондук эсеп-фактуралар болгон учурда жүк ташуучу унааларды Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан контролдук текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн, тоскоолдуксуз өткөрүү жөнүндө макулдашуунун алкагында кабыл алынган.

Кыргызстандан Казакстанга ЭЭФте көрсөтүлбөгөн импорттолуучу товарлар аныкталган учурда, Казакстандын салык кызматы транспорт каражатын Кыргызстандын аймагына кайтаруу чараларын көрөт.

Ошол эле учурда, ЭЭФте көрсөтүлбөгөн товарларды аныктоо инспекциялык текшерүү комплексинин жардамы менен жүргүзүлүшү мүмкүн, мында транспорттун жүк салынган бөлүгүн ачуу зарылдыгы жокко чыгарылат.

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандан товарларды ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керектигин эскертет.

QR коду бар ЭЭФнын болушу жүк ташуучуларга Казакстандан Мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан контролдук текшерүү иш чарасынан кутулууга жана Казакстанга жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товарларды эркин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

743