7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мазари-Шариф шаарындагы мечиттеги жардыруу. ТИМ каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

705

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Афганистандын түндүгүндөгү Балх провинциясынын административдик борбору Мазари-Шариф шаарындагы шиит мечитинде Ыйык Рамазан айында намаз окуган мусулмандардын өлүмүнө жана жаракат алышына алып келген террористтик актыларды, жардырууларды айыптайт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Министрлик каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтат, ошондой эле жардыруулардан жабыркагандарга тезирээк сакайып кетишин каалайт.

Министрлик бул оор кылмыштарды Ыйык Рамазан айында мусулман Уммасын бөлүп-жаруу аракети катары эсептейт. Ушул кыйын учурда Афганистандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу боордош элин биримдикке, туруктуулукка, кайраттуулукка жана тынчтыкка чакырабыз»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706