7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак чек арасынан 400гө жакын жүк ташуучу унаалар өтө албай турат

746

Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучу автоунаалар өтө албай турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 11:00гө карата «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайында 300гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат. Ал эми 25 унаа жол жээгинде керектүү документтерин күтүп турушат. «Чалдыбар» өткөрүү пунктунда 70тен ашык жүк ташуучу унаалар топтолгон.

«Аталган өткөрүү пункттарында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышы казак тараптын унааларды жай өткөрүп жатканынан улам болууда. Ошол эле маалда казак тарап жолду бир тараптуу жаап салууда. Бүгүн, 18-апрелде саат 3:30дан 7:30га чейин жүк ташуучу унаалар чек арадан өткөрүлгөн эмес»,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, башка кыргыз-казак бекеттеринде адамдар менен автотранспорттун топтолгону байкалган жок. Кыргыз тараптан жүк ташуучуларга эч кандай чектөө киргизилген эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

747