Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушун атамекендик «TS Group» компаниясы жүргүзөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө.
Эгер, 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт.
Белгилей кетсек, 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат.