7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак чек арасындагы эки посттун макамы өзгөрдү

312
Кыргызстан менен Казакстан өкмөттөрүнүн ортосундагы чек ара пункттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протокол ратификацияланып, ага президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан бидиришти.
Документке ылайык, «Камышановка – автожол» өткөрүү пунктунун аталышы «Төмөнкү Чүй – автожол» деп өзгөртүлүп, эл аралык макамда болуп, мындан ары күнү-түнү иштөөгө өтөт.
Ошондой эле «Кичи-Капка – автожол» өткөрүү пунктунун статусу эки тараптуудан эл аралыкка өзгөртүлөт.
Бул өзгөртүүлөрдү кабыл алуу кыргыз-казак чек арасынан өткөндөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, анын ичинде жүк жана жүргүнчүлөр агымын көбөйтүүгө, туристтерди тартуу жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган.
313