Кыргыз өкмөтү ачык деңизге чыгып соода сатык жүргүзүү үчүн Пакистандын Карачи жана Гвадар портторун пайдаланууну көздөйт.
Бүгүн, 26-апрелде Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Сардар Азхар Тарик Хан менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын үзгүлтүксүз өткөрүү маселеси айтылган.
Мындан тышкары, Кыргызстандын ачык деңизге чыгуу үчүн Пакистандын Карачи жана Гвадар портторун пайдалануу келечегин жана «CASA-1000» долбоорун илгерилетүү маселесин талкуулашты.