Кытай тараптын демилгеси менен Кытайда жаз майрамы белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү жайлары 10-февралдан баштап 12-февралды кошуп алган мезгил аралыгында жабык болот.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, «Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 13-февралдан баштап жанданат.