7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

202

Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарында убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мындай чара Кытайда Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу көрүлүүдө.

Ошентип, 30-апрелден тарта «Эркечтам — унаа жолу» өткөрүү пунктунда саат 22:00дөн тарта, ал эми «Торугарт — унаа жолу» өткөрүү пунктунда саат 20:00дөн баштап адамдарды, унаа жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат.

Аталган пункттар аркылуу өткөрүү 2-майда саат 08:00дөн тарта кайра жанданат.

Ал эми «Бедел — унаа жолу» өткөрүү пункту 1-майдан 5-майга чейинки аралыкта өткөрүү операцияларын жүргүзүү үчүн жабык болот. Иштөө тартиби 6-майда саат 08:00дөн тарта кайра калыбына келет.

203