Кытайдын аймагында, кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде очогунда күчү 5,5 баллга жакын жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Эркештам, Нура айылдарында 4,5 балл, Кан-Коргон айылында 4 балл, Көлдүк айылында 3 баллга чейин жеткен.