7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз кызына ашык болгон бельгиялык жаран ислам динин кабыл алды

817

Бельгиялык Альберто Вотир Кыргызстандык Маркиза Шумкар кызын жактырып, ага үйлөнүү максатында Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушовго келишти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Мирланбек ажы Токтомушов мусулман кызга үйлөнүү үчүн ислам динин кабыл алып, мусулман болуу керектигин жана ислам негиздерин түшүндүрүп берди.

“Ислам дининде мажбурлоо жок. Биз айтып эскертебиз, кабыл алуу ар бир адамдын өз каалоосу менен болот. Жаратуучу Алла Тааланын жалгыздыгына, Мухаммаддын (с.а.в.) Анын элчиси жана кулу экендигине чын жүрөктөн күбөлүк берген адамды мусулман деп эсептейбиз”, – деди Мирланбек ажы Токтомушов

Альберто Вотир буга чейин Курандын котормолорун окуп жүргөнүн, өзү да мусулманчылыкты кабыл алууга кызыкдар экендигин билдирип, келме айтып мусулман болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

818