7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Студенттерге баа коюп берүү үчүн акча алган мугалимдер кармалды

482

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) билим берүү ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Өткөрүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө ЖОЖдун айрым окутуучулары финансылык пайда табуу максатында окуу мезгилинде Кыргызстандын чегинен сырттагы чет өлкөлүк студенттерге акчалай сыйлык үчүн экзамендик журналдарына жана башка тийиштүү кагаздарга  тиешелүү  бааларды коюп беришкен.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда аталган ЖОЖдун окутуучулары С.У.Ж. жана А.А.Е.ден  эч жака кетпөө жөнүндө колкат алынып,  ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

483