7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата кичи-футбол боюнча турнир өттү

425

Кечээ, 23-октябрь күнү Динамо спорт залында Биринчи май РИИБдин өздүк курамынын арасында кичи-футбол боюнча турнир өттү. Анда, өздүк курамдан 7 команда катышты. Аталган иш-чара Биринчи май РИИБдин жетекчилиги тарабынан уюштурулду.

Турнирдин ачылышына Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ардагерлери жана Биринчи май РИИБдин башчысы милициянын полковниги Тилек Тюкебаев катышты.

Белгилей кетсек, Президенттин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде өздүк курамга атайын ардагерлерден акыл-насаат жана тажрыйба алуу максатында спорттук иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ардагерлер куттуктоо сөзүндө Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, алардын кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кошкон салымдарына ыраазычылык билдирип, оюнга катышкан командаларга ийгилик каалап өттү.

Турнирдин жыйынтыгында,
🥇-орунду ээлешкен Биринчи май РИИБдин Жашы жете электер боюнча инспекциясы кызматынын командасына кубок, 20 миң сом акча, диплом, медаль тапшырылды.
🥈-орунду 8-ШМБнын командасы ээлегегендиги үчүн диплом, медель жана 15 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.
🥉-орунду 5-ШМБнын Коомдук коопсуздук кызматынын командасы ээ болуп, аларга диплом, медаль жана 10 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

426