7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз мунай – кумтөрдүн башкы мунай камсыздоочусу

308

“Кумтөр Голд” компаниясы менен “Кыргыз мунай” мамлекеттик ишканасы атайын макулдашууга кол коюп, ага ылайык, “Кыргыз мунай компаниясы” Кумтөрдү күйүүчү жана майлоочу материалдар менен камсыздоочу негизги ишканага айланды.

«Кыргыз мунай» ишканасынын өкүлдөрү Балыкчы өткөөл базасына барышып, ал жердеги күйүүчү майларды сактоо жана ташуу боюнча материалдык-техникалык база менен таанышып чыгышты.

Эске сала кетсек, Министрлер Кабинетинин 384- токтомуна ылайык, «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканалар, ошондой эле уставдык капиталынын 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке тиешелүү болгон чарбалык жана алардын туунду ишканалары, анын ичинде тоо-кен тармагындагы компаниялар үчүн күйүүчү май жана башка мунай продуктулары менен камсыздоочу башкы мекеме катары аныкталган.

 

309