7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимнин авторулорунун бири, Шабданбек Кулуев каза болду

245

Акын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимнин авторунун бири, Шабданбек Кулуев 78 жашында дүйнөдөн кайтты . Бул тууралуу, анын жакындары тастыктады. 


 Шабданбек Кулуев  Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган.
1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.Эмгек жолун 1963-жылы. Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

  • 1969–1990жж. Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептерде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-жж. Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы.
  • 1987-жылы “Эмгек ардагери” медалы, 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси берилген. Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири болуп, 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген.
  • 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган. “Жайыл районунун Ардактуу атуулу”.
  • 2003-жылы “Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн” пенсиясы ыйгарылган жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун “Кеменгер” төш белгисинин ээси.1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
  • 2011-жылдан «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардактуу наамына ээ болгон.


«7-каналдын» жалпы жамааты Шабданбек Кулуевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

246