7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

278

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Конституциялык Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында кабыл алынган.

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин келишимине тиркеме болуп саналган Евразия экономикалык бирлигиндеги социалдык кепилдиктер, артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин сотунун судьяларына Кыргыз Республикасынын судьяларына аталган судьяларды дайындаган мүчө мамлекеттеги жогорку соттун төрагасы үчүн каралган социалдык кепилдиктер берилет.

Ушуга байланыштуу, кабыл алынган конституциялык Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

1) Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин сотунун судьяларына Кыргыз Республикасынын судьяларына кепилденген социалдык жактан коргоо чаралары жайылтылат, тагыраак айтканда судьянын өмүрүн мамлекеттик камсыздандыруу, судьянын ыйгарым укуктары токтотулгандыгы боюнча бир жолку жөлөкпул төлөө, ошондой эле пенсияга үстөк акы төлөө;

2) Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин сотунун судьялары болуп иштеген адамдарга пенсияга үстөк акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын судьялары болуп иштеген адамдарга жайылтылган тартипте аныкталат;

3) Евразия экономикалык бирлигинин сотунун судьяларынын ыйгарым укуктарын аткаруу мезгили судьялык иштин стажына кошуп эсептелет.

 

279