7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта мамлекеттик ири машина-трактордук станция ачылды

238

Бүгүн Сокулук районунда «Кыргызмамасылтукумзавод» мамлекеттик ишканасынын базасында мамлекеттик машина-трактордук станция (МТС) ачылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган ишкана Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментине караштуу.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жана министрликтин жооптуу кызматкерлери катышты.

Мамлекеттик машина-трактордук станциянын ачылышы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине байланыштуу жана 100 ири объектини ачуу алкагында ишке ашты.

«Кыргызмамасылтукумзавод» мамлекеттик ишканасы өзүнүн машина-трактордук паркын толуктоо үчүн «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКтан лизинг келишиминин негизинде жалпы суммасы 45 млн сомго Кытайдан жасалып чыгарылган SINOMACH үлгүсүндөгү 9 даана тракторун жана 36 даана айыл машиналарын сатып алган.

239