7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

637

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Документ Коомдук телерадиоберүү корпорациясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына айландыруу аркылуу реформалоого багытталган.

Бул мыйзам телерадиоберүү уюмунун макамын, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде жана мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашырууда анын ролун жана ордун аныктайт.

Ошону менен бирге, документ редакциялык саясатты өз алдынча аныктоо үчүн шарттарды түзүүгө, маалыматтык продукциянын (контенттин) сапатын жогорулатууга, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкаруу чечимдерин өркүндөтүүгө багытталган.

КРнын бул мыйзамы президенттин 2021-жылдын 5-майындагы Коомдук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо зарылчылыгы жөнүндө айткан өлкө элине кайрылуусун ишке ашырууга багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

638