7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

861

Бүгүн, 3-декабрда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

«Сомониен (Тажикстан) айылы аркылуу Дахма айылына Кыргыз жараны өтүп бара жаткан учурда Тажик жарандары ага карай орой сөздөрдү айткан. Жыйынтыгында жарандар уруша кетип, ал таш ыргытууга айланып кеткен»,- деп айтылат билдирүүдө.

Чыр-чатак курчуп кетпеши жана топтолгон элдин тарашы үчүн Кыргыз жараны аңчылык куралынан асманга үч жолу эскертүү иретинде ок чыгарган.

Окуянын себептерин тактоо үчүн учурда Баткен жана Исфара тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуу өтүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

862